Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын желеги Килиманжародо көтөрүлдү

Спорт Загрузка... 04 Декабрь 2025 22:22
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.12.25. /Кабар/. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын желеги Африкадагы деңиз деңгээлинен 5895 метр бийиктиктеги Килиманжаро чокусунда көтөрүлдү. Бул символикалуу жана жоопкерчиликтүү ишти Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын президенти, Эверестти багындырган альпинист Эдуард Кубатов ийгиликтүү аткарды.

Эдуард Кубатовдун пикиринде, 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын утурлай желектин чокуда желбиреши маанилүү окуялардан болуп калды.

"VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын символу Африканын үстүнөн биздин рухубуздун күчтүүлүгүнүн жана дүйнө элдеринин ар түрдүүлүгүнө болгон урматтоонун белгиси катары көтөрүлдү.

Оюндарга 20дан ашык африкалык өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышарын айта кетейин", - деди ал.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – бул көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандыруу, сактоо жана өнүктүрүүгө багытталган Кыргызстандын эл аралык долбоору. Иш-чарага 100дөн ашык өлкөнүн спортчулары катышары күтүлүүдө.

Эске салсак, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014, 2016, 2018-жылдары Кыргызстанда өткөн. Андан кийин 2022-жылы Түркияда, 2024-жылы Казакстанда уюштурулган.