Түркмөнстандын тышкы иштер министри иш сапары менен Кыргызстанга келет

Саясат Загрузка... 25 Февраль 2025 15:14
meredov.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. 25-26-февралда Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - тышкы иштер министри Рашид Мередов иш сапары менен Кыргызстанга келет.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан маалымдашкандай, мапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын сүйлөшүүлөрү болот, анын алкагында кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын эки тараптуу маселелеринин кеңири спектри талкууланат.