Садыр Жапаров Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередовду кабыл алды

Президент 2473 26 Февраль 2025 17:01
476795802_1161555529312413_3247609629840479422_n.jpg
480967145_1161555589312407_8047264982212330898_n.jpg
476436712_1161555492645750_2408589537042766623_n.jpg
480557403_1161555509312415_2102727958021217816_n.jpg
Алдыга
Артка
476795802_1161555529312413_3247609629840479422_n.jpg
480967145_1161555589312407_8047264982212330898_n.jpg
476436712_1161555492645750_2408589537042766623_n.jpg
480557403_1161555509312415_2102727958021217816_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-февралда, Кыргызстанда иш сапары менен жүргөн Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередов менен жолугушту.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды, ошондой эле энергетика жана транспорттук логистика тармагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого умтулгандыгын баса белгилеп, Түркмөнстандан Кыргызстанга энергия булактарын жеткирүү боюнча маселелерди чечкендиги үчүн түркмөн тарапка ыраазычылыгын билдирди.

Президент өлкөлөр ортосундагы транспорттук-логистикалык кызматташтыктын олуттуу потенциалын белгилеп, өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык мамилелердеги оң динамикага басым жасады.

Садыр Жапаров чакырыктарга жана коркунучтарга биргелешип каршы туруу үчүн көп тараптуу платформалардын алкагында өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин билдирди.

Өз кезегинде Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередов мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Министр президент Садыр Жапаровдун 2021-жылы Түркмөнстанга болгон биринчи мамлекеттик сапары Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда өнөктөштүк өз ара аракеттенүүнүн потенциалын мындан ары жогорулатууга байланыштуу стратегиялык маанилүү маселелерди талкуулоого мүмкүн болгон кеңири багыттар боюнча Кыргыз-түркмөн кызматташтыгын илгерилетүү процессиндеги маанилүү этап болгонун белгилеп өттү.

Рашид Мередов Түркмөнстандын кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө даярдыгын баса белгилеп, биргелешкен аракеттер эки мамлекеттин ортосундагы боордоштук жана ынак коңшулук мамилелерди чыңдоого өбөлгө болоорун айтты.

Жолугушуунун аягында президент Садыр Жапаров кыргыз-түркмөн мамилелери мындан ары да стратегиялык өнөктөштүктүн бекем пайдубалында өнүгө берерине ишеним билдирди.