Кыргызстанга Түркмөнстандын тышкы иштер министри иш сапары менен келди

Саясат 1803 25 Февраль 2025 20:30
6_8evJ4zi.max-1920x1080.format-webp.webp
5_aZlKliP.max-1920x1080.format-webp.webp
4_f4uSQaS.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка
6_8evJ4zi.max-1920x1080.format-webp.webp
5_aZlKliP.max-1920x1080.format-webp.webp
4_f4uSQaS.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстанга Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин делегациясын жетектеп, Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередов иш сапары менен келди.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, «Манас» эл аралык аэропортунда конокту жана аны коштогон делегацияны Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Темирбек Эркинов тосуп алды.

Cапардын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, ошондой эле Кыргыстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушуу пландаштырылган.