Түркиянын транспорт министри Кыргызстанга келет. Эки өлкөнүн министрлери жолукту

Коом 881 12 Февраль 2025 10:06
478635849_934822138826533_4733783181301545918_n.jpg
477387713_934822135493200_414812868552144652_n.jpg
Алдыга
Артка
478635849_934822138826533_4733783181301545918_n.jpg
477387713_934822135493200_414812868552144652_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. Күн мурун транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын ички транспорт боюнча комитетинин 87-жыйынынын алкагында Түркиянын транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадыр Уралоглу менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар транспорт тармагындагы кызматташуу талкуулашты. Анда эки өлкөнүн ортосундагы эл аралык автомобилдик ташуулар келишимине киргизилген өзгөртүүлөрдүн маанилүүлүгү белгиленди.

Абсаттар Сыргабаев эки өлкөнүн транспорт министрликтеринин биргелешкен комиссиясынын жыйыны 2025-жылы Кыргызстанга өтөрүн белгилеп, кесиптеши Абдулкадыр Уралоглуну Кыргызстанга чакырды.

Ал эми, өз кезегинде Абдулкадыр Уралоглу чакырууну кабыл алып, кыргыз жана түрк элдери боордош экенин жана эки өлкөнүн Транспорт министрликтеринин кызматташуусун мындан ары дагы өркүндөтүү керектигин билдирди.