Бишкек, 28.04.25. /Кабар/. Чоң географиялык аймакка ээ болгон түрк дүйнөсүнүн ортого чыгышы бул дүйнөдөгү тынчтыкты сактоо үчүн чоң өбөлгө болот. Бул тууралуу Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү учурунда билдирди.
Анын айтымында, Борбор Азия аймагынан Анадолуга чейин, Анадолудан Европа аймагына чейин 300 млн калкы бар бул аймактар жаңы бир “жылдыз” болуп ортого чыгуу, пайда болуу босогосунда турат.
“Буйруса Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун быйыл Түркияга жасай турган сапарынын негизинде эки өлкөнүн ортосундагы мамиле дагы да өнүгөт деп үмүт кылуудабыз. Негизи жалпы дүйнө үчүн анын ичинен түрк дүйнөсү үчүн азыр жаңы мүмкүнчүлүктөр жаралып жатат. Абдан көп кызыкчылыктар болуп жаткан дүйнөдө бул аймак алдыңкы позицияга келет деп ойлойм. Бул мүмкүнчүлүктү биз колдон чыгарбашыбыз керек. Анткени, чоң географиялык аймакка ээ болгон түрк дүйнөсүнүн ортого чыгышы бул дүйнөдөгү тынчтыкты сактоо үчүн дагы чоң өбөлгө болот. Түрк мамлекеттер уюмунун мүчөсү болгон Кыргызстан парламенттер аралык кызматташтыктын да бир белгиси болгон ТүркПАга да өзүнүн колдоосун, колунан келген жардамын көрсөтүп жатканын жакшы билебиз”, - деди Нуман Куртулмуш.
Учурда эки өлкөнүн ортосундагы мамиле абдан жакшы нукта уланып жатканын маалымдаган Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүн 5 млрд долларга чыгаруу максатында азырынча 3 млрд долларга чыгаруу чоң жетишкендик болот деп белгиледи. Ошондой эле өз сөзүндө билим берүү тармагындагы кызматташтыкка кененирээк токтолду.
“Түркия менен Кыргызстандын билим берүү тармагындагы кызматташтыгынын конкреттүү мисалы катары Кыргыз-Түрк “Манас” университетин айта алабыз. Аталган университет Борбор Азиядагы эң күчтүү окуу жайлардын катарына кирип, бүтүрүүчүлөрү эки өлкөдө гана эмес, Борбор Азиянын аймагындагы мыкты орундарда иштеп жатышат. Ал эми “Сапатка” тиешелүү болгон мектептердин “Маарифтин” карамагына өткөрүлүп берилишин кубанычта кабыл алганыбызды белгилеп кетким келет. Аталган мектептердеги окуучулардын саны 17 миңден ашык экенин билем. Кыргыз-Түрк “Манас” университети, “Маариф” мектептери менен кошо эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташтык мындан да өнүгөт деп ойлойм. Андан тышкары, Юнус Эмре институтун бул жакта ачуу боюнча сиздердин колдооңуздарды күтөбүз”,- деди Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы.