Бишкек, 28.04.25. /Кабар/. “Буйруса Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун быйыл Түркия Республикасына жасай турган сапарынын негизинде эки өлкөнүн ортосундагы мамиле дагы да өнүгөт деп үмүт кылуудабыз. Бул тууралуу Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш эки өлкөнүн парламент өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен жолугушуу учурунда билдирди.
Анын айтымында, Түркия боордош кыргыз эли менен бардык тармактар боюнча кызматташууга кызыкдар.
“Бизди стратегиялык алакалар гана жакындатпастан, узак жылдарды камтыган тарыхый байланыштар жана боордоштук мамиле бириктирип турат”,- деди Нуман Куртулмуш.
Ал эми төрага Нурланбек Тургунбек уулу боордош Түркия мамлекети Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин, акыркы мезгилдери алакабыз жаңы деңгээлге көтөрүлгөндүгүн белгиледи.
“Өткөн жылы президент Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстандагы мамлекеттик сапары кызматташтыктын жаңы барагын ачты. Ал эми сиздин бүгүнкү расмий сапарыңыз, парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө түзүп, алакаларыбызды арттырууга көмөкчү болот деген ишеничтемин”, – деди ал.