Бишкек, 27.10.25. /Кабар/. Түркиянын "Адам укуктары жана эркиндиктери" гуманитардык жардам фонду Газа тилкесиндеги талкаланган имараттардын урандыларын тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Анадолу агенттиги кабарлайт.
Маалыматта белгиленгендей, Газада 454 миңден ашык үй толугу менен талкаланган, ал эми мектептер, ооруканалар, инфраструктура жана коомдук имараттар авариялык абалда.
Урандыларды тазалоо иштеринде оор техника колдонулууда. Бул аракеттер коомдук транспортту жакшыртууга жана гуманитардык жардамды бөлүштүрүүнү тездетүүгө багытталган.
Ошондой эле фонддун активисттери миңдеген тургундарга ичүүчү таза суу таратып жатат.
Фонд Газа элине азык-түлүк, медициналык жана психосоциалдык колдоо көрсөтүүнү да улантууда.