Түркияда токойдогу ири өрттөн ондогон калктуу конуштар эвакуацияланды

Дүйнө 744 30 Июнь 2025 12:26
WhatsApp Image 2025-06-30 at 12.10.00 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-06-30 at 12.10.00.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-30 at 12.10.00 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-06-30 at 12.10.00 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-06-30 at 12.10.00.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-30 at 12.10.00 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.06.25. /Кабар/. Түркиянын түндүк-батышындагы токойлордо бир нече күндүн ичинде 150дөн ашык өрт чыгып, жүздөгөн адамдар эвакуацияланды. Бул тууралуу Казинформ кабарлады.

Агенттиктин маалыматына караганда, өзгөчө өлкөнүн түндүк-батышындагы Сакария жана Билежик провинциялары катуу жабыркаган. Бул аймактарда 16 калктуу пункт эвакуацияланган.

Түркиянын өзгөчө кырдаалдар министрлиги ири өрттүн келип чыгуу себептери боюнча кызматтык иликтөө башталганын билдирген.

Алдын ала иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча, 17 адам кармалган.

Жарандык коргонуу кызматтары, өрт өчүрүүчүлөр жана ыктыярчылар аба ырайынын татаал шарттарына жана жалындын тез тарап кетишине шарт түзгөн катуу шамалга карабастан өрттү өчүрүүнү улантууда.

Белгилей кетсек, Түркияда былтыр да ушундай эле ири токой өртү болгон.

Анда өрттүн жалпы аянты миң гектардан ашкан.