Бишкек, 01.12.25 /Кабар/. Түркиянын Изник шаарында жүргүзүлгөн археологиялык казуулар учурунда б.з. II–V кылымдарына таандык байыркы мүрзө табылды. Бул тууралуу Известия билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, изилдөөчүлөр андан бир нече артефактакттарды жана фрескалар менен кооздолгон дубалды аныкташкан. Ошондой эле анда үч адамдын - эки чоң жана бир баланын сөөгү коюлган.
Мүрзөнүн таш менен кыштан жасалган дубалдарында канаттуулар менен өсүмдүктөрдүн сүрөтү чагылдырылган.
Археологдор табылгага өзгөчө баа берип, фрескалары жана иконалары үчүн эрте христиандык мезгилге таандык эң маанилүү ачылыш деп аташты.