Измирде токойдогу өрттөн улам аба каттамы убактылуу токтотулду

Дүйнө 772 30 Июнь 2025 17:29
WhatsApp Image 2025-06-30 at 16.02.55 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-06-30 at 16.02.55.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-30 at 16.02.54.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-06-30 at 16.02.55 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-06-30 at 16.02.55.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-30 at 16.02.54.jpeg
Алдыга
Артка

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.06.25. /Кабар/. Түркиянын Измир шаарындагы Аднан Мендерес эл аралык аэропорту күчөп жаткан токой өртүнүн айынан убактылуу ишин токтотту. Бул тууралуу Казинформ кабарлады.

Маалыматка караганда, өрттүн айынан аймакта калың түтүн пайда болуп, өрт өчүрүүчү авиация иштеп жаткандыктан, учуулар убактылуу токтотулган.

Айрым каттамдар башка шаарлардын аэропортторуна багытталды. Каттамдар кайрадан өрт толук көзөмөлгө алынгандан кийин жанданат.

Учурда тилсиз жоо менен 600дөн ашык адам күрөшүп жатат, анын ичинде 8 учак, 16 тик учак, 60ка жакын атайын жана кошумча техника.

Өрттү өчүрүүгө өрт өчүрүүчүлөр, жарандык коргонуу күчтөрү жана жергиликтүү ыктыярчылар тартылууда.

Измирдин тоолуу аймагында чыккан өрттөн улам 20дан ашуун үйдүн тургундары эвакуацияланган.

Жергиликтүү кызматтар өрттү токтотуу үчүн күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.