Түркияда жер титирөө катталды

Дүйнө Загрузка... 27 Октябрь 2025 10:05
WhatsApp_Image_2025_jA4ePCQ.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек,27.10.25./Кабар/. Кара деңиздеги Стамбулга жакын жерде 3,7 баллдык жер титирөө болду. Бул туууралуу Казинформ агенттиги ТАССка шилтеме берүү менен билдирди.

Өкмөттүн AFAD өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттигинин маалыматы боюнча, жер титирөөнүн эпицентри Стамбулдан түндүк-батышка карай 13 чакырым, жээктен болжол менен 16 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан. Ал эми Кандилли сейсмологиялык борбору 3,9 баллга жеткенин билдирди.

Жер титирөө саат 19:44тө (Астана убактысы боюнча 17:44) башталган. Аларды мегаполистин бир нече райондорунун тургундары сезишкен. Кыйроолор же курмандыктар тууралуу маалымат жок. Жергиликтүү тургундар арасында дүрбөлөң болгон жок.