Эми Түркияда учак токтой электе ордунан тургандарга айып салынат

Дүйнө Загрузка... 30 Май 2025 11:10
WhatsApp Image 2025-05-30 at 09.57.15.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.05.25 /Кабар/. Түркиянын Жарандык авиация башкармалыгы (SHGM) учак конгондон кийин коопсуздук куру белгисинин өчүшүн күтпөстөн орундарын таштап кеткен жүргүнчүлөргө айып пул салуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Казинформ жазды.

Маалыматка караганда, эрежелер май айынын башында жүргүнчүлөрдөн арыз түшкөндөн кийин киргизилген.

Айып пулдун көлөмү болжол менен 70 АКШ долларын түзөт. Түрк бийлиги мындай окуялардын саны акыркы убактарда кыйла көбөйгөнүн билдирди.

Буга чейин стюардессаларды жүргүнчүлөргө жаңы эрежелер тууралуу маалымат берүүгө көңүл бурууга чакырган.