Түркияда төрөлүү көрсөткүчү 11 жылдан бери төмөндөп келе жатат

Дүйнө Загрузка... 12 Декабрь 2025 12:32
WhatsApp Image 2025-12-12 at 08.51.27.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.12.25 /Кабар/. Акыркы жылдары Түркияда калктын өсүү темпинин кыйла жайлашы жана туруктуу түрдө төмөндөп жатканы демографиялык түзүмдө терең өзгөрүүлөрдү жаратып, олуттуу кооптонууларды пайда кылууда. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, 2024-жылы Түркия расмий түрдө “өтө картаң өлкөлөрдүн” катарына кошулду. Болжол менен 25 жылдан кийин улгайган адамдардын үлүшү жалпы калктын 25%дан ашышы мүмкүн.

Эгерде төрөлүү көрсөткүчүнүн төмөндөшү ушул калыбында улана берсе, орточо жаш курак 40 жылдан кийин 45 жаштан жогору болуп калышы ыктымал.

Эксперттердин пикиринде, мындай тенденция жумушчу күчүнүн азайышына, социалдык камсыздоо тутумуна жүктүн көбөйүшүнө жана саламаттыкты сактоо, карыларды багуу чыгымдарынын өсүшүнө алып келет.

Түркиянын статистика институтунун (TÜİK) маалыматы боюнча, 2001-жылы төрөттүн жалпы коэффициенти 2,38 баланы түзсө, 2014-жылдан тарта туруктуу төмөндөп келе жатат. 2014-жылы – 2,19, 2015-жылы – 2,16, 2016-жылы – 2,11, 2017-жылы – 2,08, ал эми 2018-жылы 2,00гө түшкөн.

2018-жылдан бери бул көрсөткүч 2,1 деңгээлинен (калктын өзүн өзү калыбына келтирүү көрсөткүчү) төмөн бойдон калууда:

  • 2019 – 1,89
  • 2020 – 1,77
  • 2021 – 1,71
  • 2022 – 1,63
  • 2023 – 1,51
  • 2024 – 1,48

Бул көрсөткүч Түркия үчүн олуттуу демографиялык чакырыктарды жаратууда.