Түркияда токойдогу өрттөн эки адам каза болду

Дүйнө Загрузка... 07 Июль 2025 09:15
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 08.07.25. /Кабар/. Түркияда токойдогу өрттөн эки адам каза болуп, 500дөн ашуун адам жабыркаган. Бул тууралуу Казинформ маалымат агенттиги Түркиянын саламаттык сактоо министри Кемал Мемисоглунун маалыматына таянуу менен жазды.

Министрдин айтымында, учурда өрт Анталиянын Эрменек районун, Измир провинциясын жана башка бир нече аймактарды каптап жатат.

“Токой өртүнөн жалпы 538 адам жабыркаган. Учурда өрттөн жабыркаган үч бейтапты дарылап жатабыз, алардын биринин абалы оор. Тилекке каршы эки жаран каза болду”,-деген министр.

Эске салсак, буга чейин Түркиянын укук коргоо органдары буга чейин токойдогу өрттүн чыгышына тиешеси бар деген шек менен 17 киши кармалганын билдирген.