Бишкек 25.07.25 /Кабар/. Түркиянын Эскишехир провинциясында токойдогу өрттү өчүрүү учурунда 10 адам каза тапты. Бул тууралуу Евроньюс агенттиги кабарлады.
Маалыматта белгиленгендей, алар багытын күтүүсүз өзгөрткөн шамалдын айынан оттун курчоосунда калып каза болушкан. Арасында ыктыярчылар да болгон. Жалпы 24 кишиден турган топтун калган 14 мүчөсү жаракат алып, ооруканага жеткирилгени айтылат.
Акыркы 24 саат ичинде Түркияда 9 ири жана 11 күчтүү токой өртү катталган. Өрттөрдүн чыгышына катуу ысык, кургакчылык жана шамал себеп болгон.