Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. Түркияда өткөн “Жаш журналисттер” кароо-сынагында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттери сыйлыктарга ээ болду.
Окуу жайдан маалымдашкандай, “Айдын Доган” фонду жана Түркиянын Журналисттер коомунун колдоосу менен 34-ирет өткөрүлүп жаткан “Жаш журналисттер” кароо-сынагында аталган университеттин коммуникация факультетинин студенттери чоң сыймык жаратып, мелдештен төрт сыйлык менен кайтышты.
“Сүрөт” категориясында академик адис Фахри Тархан жетекчилик кылган журналистика бөлүмүнүн студенти Раяна Мамедова биринчи орунду жана Жибек Абдукаимова үчүнчү орунду ээледи.
“Кыска метраждуу тасма” категориясында ага окутуучу Наргиза Маматкулова жетекчилик кылган радио, телевидение жана кино бөлүмүнөн Айжамал Мирбек кызы биринчи орунду багындырды.
Ал эми “Даректүү тасма” категориясы боюнча ага окутуучу Стамбулбек Мамбеталиев жетекчилик кылган радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн студенти Алтынай Адамалиева үчүнчү орунду алды.
Сыйлык тапшыруу аземи 2025-жылдын 20-февралында Хилтон Стамбул Босфорс (Hilton Istanbul Bosphorus) комплексинде өткөрүлдү.
Бул жылы сынакка 60 университеттин коммуникация факультеттеринин студенттери медиатект, визуалдык, аудио жана интернет басылмаларын даярдоо сыяктуу көптөгөн тармактар боюнча миңден ашуун долбоорлору менен катышты.
Сынакта 14 номинация боюнча сыйлыктар берилди.