Бишкек, 04.04.25. /Кабар/. Түркиянын Айважик жээгинде мыйзамсыз мигранттарды ташыган кеме чөгүп, 9 адам каза болду. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, окуянын кесепетинен 9 адам каза болуп, ал эми 25 мигрант качып кетүүгө үлгүргөн.
“Түркиянын Жээк коопсуздук кызматы тарабынан аныкталып, жеринде тиешелүү куткаруу иштери аткарылды. Жергиликтүү бийлик кырсыктын чоо-жайын тактап, мындан ары мындай окуяларга жол бербөө үчүн чараларды көрүп, окуяны иликтөөнү улантууда”,-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Түркия өлкөнүн жаңы коопсуздук чараларынын алкагында Греция менен батыш чек арасына тосмо жана дубал кура баштаган. Бул чаралар миграциялык агымдарга көзөмөлдү күчөтүүгө жана мыйзамсыз иммиграцияга каршы күрөшүүгө багытталган.