Бишкек, 23.12.25 /Кабар/. Түркиянын Айдын провинциясына караштуу байыркы Ниса шаарынан болжол менен 1800 жыл мурда салынган тепкичтер табылды. Бул тууралуу Anadolu мамлекеттик агенттигине таянып, РИА Новости билдирди.
Анда белгиленгендей, археологиялык казуулар маалында табылган тепкичтер Нисадагы китепкана комплексине алып барары аныкталды. Аталган китепкана Батыш Анатолиядагы эң жакшы сакталып калган байыркы курулуштардын бири катары бааланат.
Анкара университетинин археология кафедрасынын башчысы, профессор Сердар Хакан Өзтанердин айтымында, казуулар “Келечекке мурас” долбоорунун алкагында жүргүзүлүп, негизги көчөдөн китепканага өтүүчү жол мурда белгисиз болуп келген. Атап айтканда, бул тепкичтер байыркы заманда адамдар көчөдөн китепканага кантип көтөрүлгөнүн так көрсөтүп берди.
Изилдөөлөргө караганда, Нисадагы китепкана б.з. 130-жылдары курулган. Ал эми тепкичтер II кылымда кошулган болушу мүмкүн. Китепканада 16 китеп текчеси болуп, байыркы доордун маанилүү кол жазмалары сакталган.