Бишкек, 06.03.25. /Кабар/. Түркия өрт өчүрүүдө робот-иттерди колдоно баштайт.
Түркиянын Транспорт жана инфраструктура министрлиги робот-иттер ири өнөр жай ишканаларда жана маанилүү объекттерде көзөмөл жүргүзөт деп билдиргенин ТАСС маалымдады.
Дүйнөдөгү 44 мамлекетте иштеген швециялык Securitas кайтаруу компаниясы 15 өлкөдө өрт өчүрүү боюнча кызматтарды көрсөтөт, анын ичинде Түркия да бар.
Январь айында Болу провинциясында тоо лыжа курортундагы ири өрттө 78 адам каза тапкандан кийин ушундай кызматтарды алуу чечими кабыл алынганы айтылды.
“Өрт учурундагы алгачкы 180 секунда чечүүчү мааниге ээ. Ушул убакыт аралыгында тилсиз жоого кийлигишпесе, өрттү башкаруу кыйын болуп калат. Түркия жана Европада көбүнесе өнөр жай объекттеринде электр жабдууларынын бузулушу өрт кырсыктарыНА себеп болууда”, - деди Securitas өрт кызматынын директору Угур Йертут.