ДССУ Суданда холеранын жайылышына байланыштуу эскертүү берди

Дүйнө Жүктөлүүдө... 23 Июль 2026 10:30
347458307504062.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Судандын төрт аймагында холера оорусуна шектүү учурлар аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдиргенин Казинформ жазды.

Маалыматка ылайык, холерага шектүү учурлар Түндүк Кордофан, Батыш Кордофан, Түштүк Дарфур провинцияларында жана борбор Хартум шаарында катталган. Ооругандардын так саны айтылган жок.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, Дарфур жана Кордофан аймактарында холеранын жайылышынан 114 адам каза болуп, 1330дан ашык учур катталган. Уюм ооругандардын жана каза болгондордун саны өсүшү мүмкүн экенин эскертти.

Өлкөдө уланып жаткан куралдуу жаңжал жана гуманитардык кризистин шартында саламаттык сактоо абалы начарлоодо. ДССУнун маалыматына караганда, учурда Судандын 33 миллиондон ашык тургуну гуманитардык жардамга, 21 миллионго жакын адам медициналык жардамга муктаж.