Бишкек, 23.07.26 /Кабар/. Грецияда абанын температурасынын кескин жогорулашына байланыштуу бүгүн саат 13:00дөн 17:00гө чейин ачык асман алдында иш жүргүзүүгө убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Анадолу кабарлайт.
Анда белгиленгендей, өлкөдө бүгүн күндүз абанын температурасы өтө жогорку чекке жетери күтүлүүдө. Буга байланыштуу кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоо максатында Борбордук Грецияда, Фессалия аймагында, Пелопоннес жарым аралында жана борбор калаа Афина жайгашкан Аттика аймагында курулуш иштерин жүргүзүүгө, кеме оңдоочу жайларда иштөөгө, курьердик жеткирүү кызматтарына жана ачык абада аткарылуучу башка иштерге убактылуу чектөө киргизилди.
Мындан тышкары, ден соолугунда көйгөйү бар кеңсе кызматкерлерине, ошондой эле тобокел тобуна кирген жарандарга, анын ичинде улгайган адамдарга жана кош бойлуу аялдарга аралыктан иштөө сунушталды.
Грециянын Улуттук метеорологиялык кызматынын маалыматына ылайык, 19-июлдан бери уланып жаткан аптаптуу ысыктын кесепетинен бүгүн Аттика, Беотия, Фтиотида, Арголида, Фессалия жана Коринфия аймактарында абанын температурасы 40 градустан ашары күтүлүүдө. Ал эми Фессалияда күндүн табы 43 градуска чейин жетиши мүмкүн.