Кыргызстан менен Азербайжан парламенттер аралык байланышты чыңдайт

Жогорку Кеңеш 2396 14 Июль 2026 15:30
745661485_1414249727208488_6418653620434893629_n.jpg
747674628_1460652422755362_5115417253485959064_n.jpg
747827261_2032236587376954_2250178081583766947_n.jpg
748306378_1207032255827101_364798634424076189_n.jpg
Алдыга
Артка
745661485_1414249727208488_6418653620434893629_n.jpg
747674628_1460652422755362_5115417253485959064_n.jpg
747827261_2032236587376954_2250178081583766947_n.jpg
748306378_1207032255827101_364798634424076189_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Сейфаддин оглу Гандилов менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинен парламенттер аралык алакаларды арттыруу маселелерин талкуулашты.

Төраганын орун басары Болот Ибрагимов өнөктөштүктү өрчүтүү жаатындагы ойлору менен бөлүшүп: "Биз Азербайжан менен тарыхый, маданий жана руханий байланыштарга негизделген достук жана бир туугандык мамилелерди чыңдоого кызыкдарбыз", – деди.

Ошондой эле парламенттер аралык кызматташтыкты да тереңдетүү зарыл экенин белгилеген Төраганын орун басары Жогорку Кеңеш Азербайжан Республикасынын Милли Межлиси менен калыптанган кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө умтуларын кошумчалады.

"Депутаттык достук топторунун ишмердүүлүгүн дагы да күчтөндүрүп, депутаттардын өз ара сапарларын уюштурууга, айрыкча эки парламенттин тармактык комитеттеринин кызматташтыгына өзгөчө маани беребиз", – деген Болот Ибрагимов Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын алкагындагы өнөктөштүккө да өзгөчө токтолду.

Ал аталган уюм түрк мамлекеттеринин ортосундагы парламенттер аралык диалогду өнүктүрүүдө, ошондой эле саясий, экономикалык жана гуманитардык байланыштарды чыңдоодо олуттуу роль ойной турганын белгиледи.

Өз кезегинде элчи Латиф Сейфаддин оглу Гандилов да Азербайжан Кыргызстан менен бардык багыттар боюнча, анын ичинен парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо жаатында кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Ошондой эле элчи Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сахиба Гафарованын Парламенттер аралык союздун президенти кызматына талапкерлиги көрсөтүлүп жатканы тууралуу маалымат берди.