Бишкек, 23.07.26 /Кабар/. Франциянын түштүгүндөгү Жиронда департаментинде чыккан ири токой өртүнөн 5 миңге жакын адам коопсуз жайларга эвакуацияланды. Бул тууралуу ТАСС билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт Сомо коммунасынын аймагында чыгып, жалын жалпысынан 900 гектар жерди каптады. Учурда өрт Аркашон булуңунун түндүк тарабына карай жайылып жатат.
Коопсуздук максатында коңшу Порж коммунасынын 700 тургуну, жакынкы кемпингде эс алып жаткан 3,5 миң адам жана дагы бир калктуу конуштун жашоочулары эвакуацияланып, Лакано коммунасына жайгаштырылды.
Өрттү өчүрүү иштерине 500 өрт өчүрүүчү, төрт ири өрт өчүрүүчү учак жана төрт жеңил учак тартылган. Жакынкы убакта дагы 200 куткаруучу кошулары айтылды.