Бишкек, 04.07.25. /Кабар/. Күн мурун Түркия климаттын өзгөрүшүнө каршы биринчи мыйзамды кабыл алды. Бул тууралуу Казинформ кабарлады.
Түркия глобалдык жылуулук менен күрөшүүдө дагы бир кадам таштады.
Жаңы жобо 2053-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүнү көздөйт жана улуттук, аймактык деңгээлдеги эмиссияны көзөмөлдөөнүн милдеттүү механизмдерин киргизет.
Мыйзамга ылайык, өлкөдөгү ар бир облуста Климаттык координациялык кеңеш түзүлүшү керек.
Мыйзамда өнөр жай тармагына өзгөчө көңүл бурулган. Экономиканын негизги тармактары үчүн конкреттүү максаттарды жана мөөнөттөрдү көрсөтүү менен эмиссияларды кыскартуунун милдеттүү пландары иштелип чыгат.
Белгиленген стандарттарды сактабоо ишканалар үчүн фискалдык чараларга жана административдик жоопкерчиликке алып келет.
Мыйзам ошондой эле эмиссияга мониторинг жүргүзүү жана отчеттуулук системаларын өнүктүрүүнү, жашыл технологияларга инвестицияларды стимулдаштырууну жана туруктуу энергияга өтүүнү көздөйт.
Эксперттер мыйзамдын кабыл алынышын Түркиянын климат саясатында, өзгөчө өлкөнүн Париж келишими боюнча эл аралык милдеттенмелерин эске алуу менен маанилүү этап деп аташууда.