Бишкек, 25.08.25. /Кабар/. Түркия Газага 100 миң тоннадан ашык гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу “Анадолу” агенттиги билдирет.
Анда белгиленгендей, Түркиянын президентинин администрациясынын коммуникациялар боюнча башкармалыгынын маалыматы боюнча, Түркия Газага жардам көрсөтүүнү улантууда.
2023-жылдын октябрь айынан тартып Түркия Газага 101 миң 271 тонна гумжардам жөнөткөн. Алар 16 кеме, 14 учак менен жеткирген. Анын ичинде 281 238 даана гигиеналык жеке каражаттар жыйнагы, 550 тонна гигиеникалык материалдар, 1451 даана генератор, 3 мобилдүү ашкана, 351 убактылуу жашоочу контейнер, 25 180 чатыр, 113 608 жууркан, 19 798 уктоочу кап, 25 729 тонна азык-түлүк, 65 273 тонна ун, 3 171 тонна таза суу, 469 486 кийим жана 1083 оюнчуктар жыйнагы бар.
Ушу тапта Анкара 8 талаа госпиталын түздү, 53 тез жардам унаасын жана 247,5 тонна медициналык материалдарды жиберди, ошондой эле Газадан Түркияга 430 бейтапты жана алардын 450 коштоочусун 9 учак менен алып келди.
Ошондой эле Түркия Газада 7,5 млн доллар өлчөмүндө финансылык колдоо көрсөткөн.