Бишкек, 07.04.25. /Кабар/. Түркия 8-апрелден тарта лимонду экспорттоону токтотот. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, мындай чечим Түркиянын Айыл чарба министрлиги тарабынан өлкөнүн түштүгүндөгү Мерсин, Адана жана Хатай провинцияларындагы сууктан улам жана ички рынокто суроо-талапты жабуу үчүн кабыл алынган.
Белгилей кетсек, Түркия чет элдик керектөөчүлөрдү лимон жана мандарин менен камсыздайт, бул экспорттун 70%ын түзөт.