Түрк дүйнөсүнүн жалпы мурасын сактоо боюнча жаңы долбоорлор талкууланды

Маданият 23 Июль 2026 17:55
754298127_2141020490145513_3038986488534603699_n.jpg
752497635_1757312808959620_7839836624038059020_n.jpg
752924044_1748136406390222_5058202684787943061_n.jpg
754248071_1557630825858931_8116653066531814187_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда түрк мамлекеттеринин ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, жалпы тарыхый жана маданий мурастарды сактоо боюнча биргелешкен долбоорлор талкууланды.

Тараптар маданий форумдарды жана фестивалдарды өткөрүү, тарыхый эстеликтерди санариптештирүү, музейлер менен китепканалардын ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү маселелерине көңүл бурушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен ТМУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы маданий байланыштарды мындан ары кеңейтүү боюнча биргелешкен иштерди улантуу макулдашылды.