Түрк дүйнөсүнүн тилектештик күнү Бакуда белгиленди

Коом 4 май 2025 19:41
8f0a06e7-9881-47a9-962d-dbfa6814e040.jpeg
8ff8037f-9359-496c-9ac0-af7fdfcd758e.jpeg
5c65e50d-4c0b-405a-8321-37f93fc5c9d0.jpeg
Алдыга
Артка
8f0a06e7-9881-47a9-962d-dbfa6814e040.jpeg
8ff8037f-9359-496c-9ac0-af7fdfcd758e.jpeg
5c65e50d-4c0b-405a-8321-37f93fc5c9d0.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Түрк маданияты жана мурасы фонду

Бишкек, 04.05.25. /Кабар/. Азербайжанда Түрк дүйнөсүнүн тилектештик күнүнө арналган «Бирдик руху» аттуу концерт болуп өттү. Бул тууралуу Түрк маданияты жана мурасы фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, концерт 3-майда Баку шаарындагы М.Магомаев атындагы Азербайжан мамлекеттик академиялык филармониясында өтүп, аны Азербайжандын Маданият министрлиги менен Түрк маданияты жана мурасы фонду биргелешип уюштурган.

“Концертте түрк элдеринин музыкалык мурасынын байлыгын, руханий биримдигин чагылдырган Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Венгрия, Өзбекстан, Түркмөнстандын композиторлорунун чыгармалары жаңырып, элдик ырлар жаңырды” – деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, түрк элдеринин аталган майрамы 80 жылдан ашык убакыттан бери белгиленет. Бул тарыхый майрам биринчи жолу 1944-жылы 3-майда Түркияда белгиленген. Ошондон кийин ал күн түрк элдеринин арасында жогорку деңгээлде белгиленип, кеңири аудиторияга жетип, салтка айланган.