Түрк дүйнөсүнүн биримдик күнү Бакуда белгиленет

Түрк мамлекеттер уюму Загрузка... 22 Апрель 2025 18:04
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 22.04.25. /Кабар/. Түрк дүйнөсүнүн биримдик күнү Бакуда белгиленет. Бул тууралуу Түрк маданияты жана мурасы фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-майда Баку шаарындагы М.Магомаев атындагы Азербайжан мамлекеттик академиялык филармониясында Азербайжандын Маданият министрлиги, Түрк маданияты жана мурасы фонду жана Азербайжан филармониясынын уюштуруусунда Түрк дүйнөсүнүн биримдик күнүнө арналган “Бирдик руху” аттуу концерт өтөт.

“Концерттик программага Ниязи атындагы Азербайжан мамлекеттик симфониялык оркестри жана Казакстандын «Туран» фольклордук ансамбли катышат. Программада Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Венгрия, Өзбекстан жана Түркмөнстандын композиторлорунун чыгармалары жана элдик ырлары жаңырат” – деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, аталган майрамдын 80 жылдык тарыхы бар. Бул күн 1944-жылдан тарта белгиленип келет.