Транспорт тармагын каржылоо эки эсе өстү: 2026-жылга пландалган ири долбоорлор

Министрлер кабинети 17 Апрель 2026 17:55
69e21d576a73e (1).jpeg
69e21d826defa.jpeg
69e21d80daf56.jpeg
69e21d80876b4.jpeg
69e21d7eef4a1.jpeg
69e21d7e1cc24.jpeg
69e21d7c88e5d.jpeg
69e21d7b2edfe.jpeg
69e21d78bbde0.jpeg
69e21d5de2ea3.jpeg
Алдыга
Артка
69e21d576a73e (1).jpeg
69e21d826defa.jpeg
69e21d80daf56.jpeg
69e21d80876b4.jpeg
69e21d7eef4a1.jpeg
69e21d7e1cc24.jpeg
69e21d7c88e5d.jpeg
69e21d7b2edfe.jpeg
69e21d78bbde0.jpeg
69e21d5de2ea3.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 17.04.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбековдун жетекчилиги алдында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2025-жылда аткарган иштери жана 2026-жылга карата аткарылуучу иш пландары каралган жыйын болуп өттү. 

Отурумда алгач министрликтин жалпы ишмердүүлүгү, өлкө боюнча жасалып жаткан республикалык деңгээлдеги жолдордун курулушу, бул багытта бөлүнгөн каражаттардын өздөштүрүлүшү, ведомствону санариптештирүү багыты, алдыдагы иш пландар жана маселелер тууралуу министр Талантбек Солтобаевдин маалыматы угулду. 

Маселен, 2021–2025-жылдар аралыгында жол тармагын каржылоо динамикасы өсүп, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине республикалык бюджеттин эсебинен бөлүнгөн каражат эки эсеге көбөйгөн.

Аны менен катар өлкөдө жол куруу жана оңдоо иштеринин көрсөткүчү жогорулаган. Республика боюнча министрлик 2021-2025-жылдары 3 684,2 км жол бүткөрсө, анын ичинде 2025-жылы 1 545 км жол бүткөрүлгөн. 

Ал эми 2026-жылга карата министрлик өлкөнүн жол тармагына бекитилген бюджетине ылайык 1 500 км ашуун жолдорду куруу жана оңдоо иштерине милдеттендирилген. Мындан тышкары, учурда өлкө боюнча 30га жакын негизги маанилүү долбоорлор боюнча объектилерде пландуу иштер аткарылууда.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков быйыл Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын катышуусундагы саммитти, кезектеги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү сыяктуу маанилүү эл аралык иш-чаралар пландалганын айтып, ага байланыштуу үстүбүздөгү жылга жол тармагы боюнча коюлган пландарды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарууну тапшырды. 

Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун жакында эле өлкөнүн Ош облусунун эли менен болгон жолугушуусунда көтөрүлгөн жол маселелерин ыкчам чечүү керектигин эскертип өттү. Мындан тышкары, жайкы туристтик мезгилге карата жолдорду ачууну, кеңейтүүнү, жол жээктерин иретке келтирүү боюнча иштерди күчөтүлгөн тартипте алып баруу керектигин кошумчалады.