Транспорт министринин үч жаңы орун басары дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор 4685 20 Февраль 2026 17:40
637198867_1224365943205483_1262195178106620118_n.jpg
639780429_1224365939872150_4711389671033593980_n.jpg
637290763_1224365936538817_9208665945462777432_n.jpg
Алдыга
Артка
637198867_1224365943205483_1262195178106620118_n.jpg
639780429_1224365939872150_4711389671033593980_n.jpg
637290763_1224365936538817_9208665945462777432_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 20.02.26. /Кабар/. Транспорт министринин үч жаңы орун басары дайындалды.

Ведомстводон маалымдашкандай, Тариэл Жаныбеков транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Ал эми Улукбек Жанибеков менен Бактылуу Момбековдор министрдин орун басарлары болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Министрдин жаңы орун басарларын эмгек жамаатына президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары - тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Примов тааныштырды.