Транспорт министри Таластагы жол куруу иштерин текшерүүдө

Аймак 11 июль 2025 17:05
517581906_1045637634411649_179252809789907909_n.jpg
517379149_1045637701078309_736337965789173341_n.jpg
517650699_1045637547744991_6862491219391877122_n.jpg
518323848_1045637797744966_5040180478410155623_n.jpg
Алдыга
Артка
517581906_1045637634411649_179252809789907909_n.jpg
517379149_1045637701078309_736337965789173341_n.jpg
517650699_1045637547744991_6862491219391877122_n.jpg
518323848_1045637797744966_5040180478410155623_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 11.07.25. /Кабар/. Бүгүн транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев жумушчу сапары менен Талас облусуна барды.

Ведомстводон билдиришкендей, ал жумушчу сапарынын алкагында президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев менен бирге жол куруу иштеринин жүрүшүн текшерди.

Министр алгач Өтмөк ашуусундагы асфальт басуу иштерин көрдү. Бүгүнкү күндө №36 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Суусамыр – Талас – Тараз автожолунун 12-17-чакырымдар аралыгына 5 км асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.

"Суусамыр-Талас-Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза" долбоорунун курулушунан кабар алган Сыргабаев подрядчы компаниянын өкүлдөрүнө иш солгун жүрүп жатканын айтып, эскертүү берди.

Мындан тышкары, министр Покровка – Кайыңды жолунун 9 чакырымын оңдоо иштерин жеринен көзөмөлдөп, жолдун сапатына жана аяктоо мөөнөтүнө, ошондой эле жээгин көрктөндүрүү иштерине да өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.