Транспорт министри Нарын — Баетов унаа жолунун курулушунан кабар алды

Аймак 02 Апрель 2025 15:25
486389537_971193981856015_3432159744668882623_n.jpg
486185383_971193985189348_5932200468531459803_n.jpg
487385286_971193988522681_6093957680318688535_n.jpg
487826839_971194065189340_2986716610601606836_n.jpg
Алдыга
Артка
486389537_971193981856015_3432159744668882623_n.jpg
486185383_971193985189348_5932200468531459803_n.jpg
487385286_971193988522681_6093957680318688535_n.jpg
487826839_971194065189340_2986716610601606836_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 02.04.25. /Кабар/. Бүгүн транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын — Баетов унаа жолунун курулушун текшерди. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Министр аталган унаа жолдун 33-38-чакырымындагы 72 метр көпүрөнү куруу иштерин жеринен көрдү. Бүгүнкү күндө көпүрөнүн свайларын куюу жумуштары жүрүп жатат. Ал эми Ак-Кыя тилкесинде (8-13 км) суу өтүүчү канал курулууда.

Министр Сыргабаев Нарын — Баетов унаа жолунда аткарылып жаткан жумуштардын кечеңдеши жергиликтүү тургундарга ыңгайсыздык жаратып жатканын белгилеп, иш ыргагын ыкчамдатуу, сапатына көңүл буруу, керектүү материалдардын жетишсиздиги жаралган учурда маселени ыкчам чечүү тапшырмасын койду.

Белгилей кетсек, Нарын — Баетов унаа жолунун жалпы узундугу 120 чакырымды түзөт. Анын 46 чакырымын оңдоо каралган, жол 2 тилкелүү болот.