Транспорт департаментинин башкы адиси пара алып жаткан жеринен кармалды

Коом 1296 22 Февраль 2025 15:40
5896475401868392410.jpg
f1fd817b-cc10-48a0-9450-78c2c3f919ca-218x300.jpeg
6f2960b5-35c8-4af6-a770-88a148a7021f-174x300.jpeg
Алдыга
Артка
5896475401868392410.jpg
f1fd817b-cc10-48a0-9450-78c2c3f919ca-218x300.jpeg
6f2960b5-35c8-4af6-a770-88a148a7021f-174x300.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon УКМКнын басма сөз кызматы

Бишкек, 22.02.25. /Кабар/. Бишкек шаардык Транспорт департаментинин башкы адиси пара алуу фактысы боюнча кармалды.

УКМКдан билдиришкендей, 18-февралда А.Т.Т. аттуу кызматкер 60 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, ал көзөмөлдөөчү органдардын текшерүүсү аркылуу коркутуу менен акча талап кылган.

Ошондой эле, өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинен чыккан ар кандай маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн жарандан бир нече жолу пара алганы аныкталган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, ал 19-апрелге чейин №1 тергөө абагына киргизилди.

Эске салсак, УКМК кызмат адамдарынын арасындагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча активдүү иштерди улантууда.