Бишкек, 24.03.25. /Кабар/. Дональд Трамп АКШнын президенти болуп кызматка келген алгачкы эки ай ичинде анын администрациясынын чечимдеринин мыйзамдуулугуна шек келтирген 150дөн ашык доо арыз түшкөн. Бул тууралуу “РИА новости” маалымат агенттиги жазды.
“Президенттик кызматына келген алгачкы эки ай ичинде Дональд Трамп анын аткаруу иш-аракеттерин талашкан 150дөн ашык сот процессине туш болду. АКШ соту көбүнчө администрациянын позициясына карама-каршы келген чечимдерди чыгарышат. Көп учурда президент Конгресстин уруксатысыз иш алып баруу менен өзүнүн ыйгарым укуктарынан ашыра пайдаланып жибериши мүмкүндүгүн айтышууда",-деп айтылат маалыматта.
Соттук териштирүүлөрдүн көбү иммиграция саясатын катаалдаштырууга, анын ичинде балдардын төрөлгөнү боюнча жарандык алышына салынган тыюу боюнча болгон. Мындан сырткары, мамлекеттик кызматкерлердин жапырт иштен алынышы боюнча маселелери да себеп болгон.