Бишкек, 07.11.25. /Кабар/. АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы кызматка киришкенден бери, тагыраагы 20-январдан бери 80 миңге жакын иммиграциялык эмес визаны жокко чыгарды. Буга мас абалында унаа айдоодон баштап, кол салуу жана уурулук сыяктуу ар кандай укук бузуулар себеп болгон.
АЗЕРТАЖ билдиргендей, бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин жогорку кызматтагы өкүлү билдирди.
Биринчи жолу Washington Examiner басылмасы билдирген визалардын жокко чыгарылышынын масштабы, президенттин иммиграцияга каршы жүргүзгөн ири кампанияларын чагылдырат, анын натыйжасында мурда болуп көрбөгөндөй сандагы мигранттар, анын ичинде жарактуу визасы барлар да депортацияланган.
Администрация ошондой эле виза берүүдөгү саясатты катаалдатып, социалдык тармактардагы текшерүүлөрдү күчөтүп, текшерүү процедураларын кеңейтти.
Август айында Мамлекеттик департаменттин өкүлү Вашингтон өлкөдө жүрүү мөөнөтүн жана мыйзам бузуулар, анын ичинде "терроризмди колдоо" үчүн 6 миңден ашык студенттик визаны жокко чыгарганын айткан.