Бишкек, 30.05.25 /Кабар/. Трамптын администрациясы Гарвардга чет элдик студенттердин билим алуусуна тыюуну алып салды. Бул тууралуу Казинформ жазды.
Маалыматка караганда, тыюу салуу ошондой эле АКШнын округдук судьясы Элисон Берроуз тарабынан токтотулган.
Эске салсак, Гарвард чет элдик студенттерге тыюу салуу боюнча Трамптын администрациясын сотко берген.
Университет доо арызында федералдык өкмөттүн аракеттерин “мыйзамсыз” деп билдирген.
“Биз окуу жайдын жана өлкөнүн экономикасына салым кошкон 140тан ашык өлкөдөн келген чет элдик студенттерди жана окумуштууларды тосуп алуу мүмкүнчүлүгүн сактап калууга толук укуктуубуз",-деген университеттин жамааты.
Буга чейин 22-майда Улуттук коопсуздук департаментинин (DHS) башчысы Кристи Ноем Гарвард университетинин “Чет элдик студенттер менен алмашуу” программасын токтотууну буйруган.
Ал өз сөзүндө Гарвард "мыйзамды сактабагандыгы үчүн" SEVP сертификатын жоготкондугун жана анын токтотулушу "өлкөдөгү бардык университеттерге жана академиялык мекемелерге эскертүү болушу керек экендигин белгилеген.
Гарварддын маалыматына ылайык, чет элдик студенттер окуу жайдын студенттеринин 27,2%ын түзөт. 2025-2026 окуу жылы үчүн Гарвардда окуу акысы 59 320 долларды түзөт.