Бишкек, 17.06.25. /Кабар/. АКШнын президенти Дональд Трамп Тегеран шаарынын тургундарды калаадан тез арада чыгып кетүүгө чакырды. Бул тууралуу ал Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
“Иран мен айткан келишимге кол коюшу керек болчу. Кандай гана уят жана адам өмүрү менен ойноо. Иран ядролук куралга ээ боло албайт. Мен муну кайра-кайра кайталадым! Баары Тегерандан тез арада чыгып кетиши керек!" - деди ал.
Эске салсак, күн мурун “Чоң жетилик” саммитинин алкагында журналисттерге сүйлөп жатып, Трамп Тегеран Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимге кол коеруна ишенимин билдирип, антпесе бир нерсе болорун эскерткен.