Трамп Сирияга мүмкүнчүлүк берүү үчүн ага каршы санкцияларды алып саларын билдирди

Дүйнө 14 май 2025 10:40
Трамп Сирияга мүмкүнчүлүк берүү үчүн ага каршы санкцияларды алып саларын билдирди

Бишкек,14.05.25. /Кабар/. Күн мурун АКШ президенти Дональд Трамп Сауд Аравиядагы инвестициялык форумдун жүрүшүндө Сирияга мүмкүнчүлүк берүү үчүн ага каршы санкцияларды алып саларын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө белгилегендей, аталган маселе боюнча АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио ушул аптада Түркияга болгон сапарында Сириянын тышкы иштер министри Асад Хасан аш-Шайбани менен жолугушат.

“Сириядагы кырдаалды Сауд Аравиясынын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман, ошондой эле Түркиянын президенти Эрдоган менен талкуулагандан кийин, Сирияга чоң мүмкүнчүлүк берүү үчүн ага каршы санкцияларды токтотууну буйрук кылам”,-деди ал.