Трамп Россия менен Украина өлкөлөрүнүн сүйлөшүүлөрүнө катышпаарын билдирди

Дүйнө Загрузка... 15 Май 2025 10:55
WhatsApp Image 2025-05-15 at 07.09.16.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 15.05.2025. /Кабар/. АКШнын президенти Дональд Трамп Россия менен Украина өлкөлөрүнүн сүйлөшүүлөрүнө катышпаарын билдирди. Бул тууралуу президент Reauters агенттигине берген маегинде билдирген.

Маалыматка караганда, мындай чечимге ал Россия президенти Владимир Путиндин орус делегациясынын мүчөлөрүнүн тизмесин жарыялап, анда ал Стамбулга барбай турганы белгилүү болгондон кийин келген.

Ага чейин Трамп эгер Путин ал жерде болсо Түркияга барарын белгилеп келген.

Эске салсак, бүгүн Стамбулда Россия менен Украина өлкөлөрүнүн сүйлөшүүлөрү өтөт. Эч кандай шартсыз тынчтык сүйлөшүү өткөрүүнү Россиянын президенти Владимир Путин сунуштаган.