Бишкек, 17.03.25. /Кабар/. АКШ президенти Дональд Трамп менен Россиянын президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүсү эмки аптада болору айтылууда. Бул тууралуу Интерфакс CNN телеканалынын эфиринде АКШ президенти Дональд Трамптын атайын өкүлү Стивен Уиткофф билдиргенин жазды.
"Трамп ушул жумада Путин менен сүйлөшүүсү мүмкүн", - деп айткан ал.
Уиткоффтун пикиринде, анын Путин менен узап кеткен аптадагы жолугушуусу бир нече саатка созулуп, көңүлдүү маанайда өткөн.
Ошондой эле ал АКШ менен Россиянын позициясы "жакындаганын" айткан.