Бишкек 25.07.25 /Кабар/. АКШ президенти Дональд Трамп чет өлкөлүк маалымат таратууга жана коомдук медиаларга кеткен чыгымдарды 9 млрд долларга кыскартуу тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу WHYY телеканалына таянып, Известия билдирди.
АКШ президенти Дональд Трамп чет өлкөлүк маалымат таратууга жана коомдук медиаларга бөлүнгөн 9 млрд долларлык мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу тууралуу жарлыкка кол койду.
Маалыматта белгиленгендей, анын ичинен 1,1 млрд доллар NPR жана PBS сыяктуу уюмдарды каржылаган Коомдук телеберүү корпорациясына таандык болгон. Бул каражат АКШдагы 1,5 миңден ашуун жергиликтүү медиастанцияларга бөлүнүп келген.
Өкмөттүк колдоонун азайышы өлкөдөгү жергиликтүү маалымат каражаттарынын өнүгүшүнө терс таасир этиши мүмкүн экендиги айтылууда.
Буга чейин 26-июнда Трамп «Америка үнү» радиосун эфирден алып салууну сунуштап, аны «солчул идеяларды» таратууда деп айыптаган.
Ошондой эле, 14-мартта Трамп бюрократияны кыскартуу максатында мамлекеттик мекемелердеги кызматкерлердин санын азайтуу боюнча жарлык чыгарган. Бул иш-аракеттер USAGM (АКШнын Глобалдык Медиа Агенттиги) сыяктуу уюмдарга да тиешелүү болгон.