Трамп Кытайга 100 пайыздык бажы төлөмүн киргизүү ниетин тастыктады

Дүйнө Загрузка... 13 Октябрь 2025 12:45
WhatsApp Image 2025-10-13 at 10.05.04 (1).jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 13.10.25. /Кабар/. АКШ президенти Дональд Трамп Кытайдан алынып келүүчү товарларга 1-ноябрдан тарта 100 пайыздык бажы төлөмдөрүн киргизүү ниетин тастыктады. Бул тууралуу Известия агенттиги кабарлады.

Маалыматта белгиленгендей, Трамп журналисттерге берген маегинде бул чечим али күчүндө экенин айткан. Ошондой эле ал 1-ноябрга чейин дагы көп убакыт бар экенин белгилеп, бул аралыкта кандай окуялар болуп кетиши мүмкүн экенин алдын ала айтуу кыйын экенин билдирген.

Эске салсак, 10-октябрда АКШ президенти Кытайга карата жогорулатылган бажы төлөмдөрүн киргизүүгө даяр экенин билдирген. Мындай кадам Пекиндин сейрек кездешүүчү металлдардын экспортун чектөөсүнө жооп катары көрүлүүдө.

Мындан сырткары, АКШ Кытайга программалык камсыздоо жана башка бир катар товарлардын, анын ичинде учактардын экспортун да чектеши мүмкүн.