Трамп Беларусь абагындагы 1,3 миң киши бошотуларына үмүт артарын айтты

Дүйнө 18 август 2025 12:45
Трамп Беларусь абагындагы 1,3 миң киши бошотуларына үмүт артарын айтты

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.08.25. /Кабар/. АКШ президенти Дональд Трамп Беларустун президенти Александр Лукашенкого ушул жайда 30 адамга ырайым бергенине ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу ал Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

Ошондой эле ал дагы 1,3 миң соттолоочуга ырайым берилерине үмүт артып жатканын айтты.

“Беларуска жана анын күчтүү лидерине рахмат. Мен жакында дагы 1,3 миң киши бошотуларына ишенем!” - деп жазды Трамп.

Белгилей кетсек, июнь айында АКШнын президентинин Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлог Минскке келгенде беларусь бийлиги 14 адамга ырайым берген. Ал эми июлда Лукашенконун ырайымы аркылуу дагы 16 киши абактан бошотулган.