Трамп АКШнын Билим берүү министрлигин жоюу жарлыгына кол койду

Дүйнө Загрузка... 21 Март 2025 10:30
35a22fd0-75b9-43a6-8a46-517d9a8fca33.jpeg
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.03.25. /Кабар/. Трамп АКШнын билим берүү министрлигин жоюу жарлыгына кол койду. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.

Маалыматка караганда, АКШ президенти Дональд Трамп билим берүү министрлигин түзүлгөндөн кийин 45 жылдан ашык убакыт өткөндөн соң жоюу жөнүндө жарлыкка кол койду.

Ак үйдө документке кол коюу иш-чарасына Техас, Флорида штаттарынын губернаторлору, билим берүү министри Линда Макмэхон жана окуучулар катышты.

"АКШ башка өлкөлөргө салыштырмалуу бир окуучуга көп акча жумшайт. Бирок биз жетишкендиктер боюнча тизмеде акыркы орунда турабыз", - деди Трамп.

Эми мектептерди башкаруу, окуу программаларын иштеп чыгуу милдеттери штаттардын бийлигине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилет.

Ошондой эле Билим берүү министрлигинин ишин толук токтотуу чечимин Конгресс колдоп бериши керек.

АКШ 2024-жылы Билим берүү министрлигине 238 млрд доллар бөлгөн. Учурда мекемеде 4,4 миң кызматкер иштейт.