Трамп АКШ Иран менен “түз сүйлөшүү” жүргүзөрүн билдирди

Дүйнө Загрузка... 08 Апрель 2025 18:00
WhatsApp Image 2025-04-08 at 15.01.40.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 08.04.25. /Кабар/. Күн мурун АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен “түз сүйлөшүү” жүргүзөрүн билдирди. Бул тууралуу “РИА Новости” маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, Дональд Трамп дүйшөмбү күнү Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну Ак үйдө кабыл алган. Бул алардын Трамп президенттик кызматка киришкен үч айга жакын убакыттын ичинде Ак үйдөгү үчүнчү жолугушуусу.

Нетаньяху менен жолугушкандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берген Трамп эки лидер Иран жана эл аралык соода темаларын козгоп, эң сонун талкуу жүргүзгөнүн айткан.

“Алдыдагы ишембидеги жолугушуу эң жогорку деңгээлде өтөт деген үмүттөмүн. Иран өзөктүк куралды пайдаланбашы керек. Мен аскерий тирешүүгө караганда Иран менен келишим түзүүнү артык көрөм. Буга чейин Иран бийлиги АКШ менен түз сүйлөшүүгө барган эмес. Бирок ортомчулар аркылуу сүйлөшүүгө даяр экенин билдирип келген. Эми эки өлкөнүн түз сүйлөшүү алдында турат. Өзөктүк сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаса, эки аптадан кийин Иранга кошумча бажы төлөмдөрүн киргизүүгө мажбур болобуз. Ошондой эле келишим четке кагылса, Ислам республикасы жок кылынат”, - деген ал.

Жооп иретинде Хаменеи АКШнын аскерий кийлигишүү ыктымалына ишенбей турганын белгилеп, бирок Вашингтондун Иранда баш аламандык чыгарууга болгон аракетине чечкиндүү жооп кайтарыларын эскерткен.