Шайлоого даярдык: Республикалык штабдын биринчи жыйыны өттү

Министрлер кабинети
6ad6063e67eb6-thumb.jpeg
6ad6063e4af3e-thumb.jpeg
6ad6063e7ff24-thumb.jpeg
6ad6063e67eb6-thumb.jpeg
6ad6063ea7f7b-thumb.jpeg
6ad6063ea9b67-thumb.jpeg
6ad6063ec11e3-thumb.jpeg
6ad6063ec73db-thumb.jpeg
6ad6063edbdf2-thumb.jpeg
6ad6063eeadbf-thumb.jpeg
6ad6063f1e423-thumb.jpeg
6ad6063f0591e-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
6ad6063e67eb6-thumb.jpeg
6ad6063e4af3e-thumb.jpeg
6ad6063e7ff24-thumb.jpeg
6ad6063e67eb6-thumb.jpeg
6ad6063ea7f7b-thumb.jpeg
6ad6063ea9b67-thumb.jpeg
6ad6063ec11e3-thumb.jpeg
6ad6063ec73db-thumb.jpeg
6ad6063edbdf2-thumb.jpeg
6ad6063eeadbf-thumb.jpeg
6ad6063f1e423-thumb.jpeg
6ad6063f0591e-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 20.10.26./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын президентин кезектеги шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын биринчи жыйыны болуп өттү.  

Отурумдун күн тартибине төрт маселе киргизилди. 

Ага ылайык Борбордук шайлоо комиссиясынын – президенттик шайлоого даярдык, календардык план, шайлоочулардын тизмелерин тактоо жана шайлоо участокторунун даярдыгы, Тышкы иштер министрлигинин – чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторунун даярдыгы жана чет жакта жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу, Ички иштер министрлигинин – шайлоо өнөктүгүндө жана добуш берүү күнү коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин – шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоо, Face ID, манжа издери, техникалык жабдуулар, байланыш жана башка даярдыктар боюнча маалыматтары угулду. Республикалык штабдын мүчөлөрү баяндамалардан кийин жыйында каралган маселерди талкуулады. 

Отурумдун соңунда Адылбек Касымалиев алдыдагы президенттик шайлоо – элдин жана мамлекеттин келечеги үчүн маанилүү саясий окуя экенин айтып, 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын президентин кезектеги шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планын ишке ашырууга жооптуу бардык жетекчилерге тапшырмаларды дыкат жана өз убагында аткарууну тапшырды.