Түптө мыйзамсыз менчикке берилген пансионаттын объекттери кайтарылды

Укук тартиби Загрузка... 31 Март 2026 16:24
47c4b58c-2fb4-4e33-826e-868ac816bbaa.jpg
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 31.03.26 /Кабар/. Түп районунда мыйзамсыз менчикке берилген пансионаттын объекттери мамлекетке кайтарылды.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Түп районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүп, жыйынтыгында Түп мамлекеттик атайын чарбасына караштуу пансионаттын ашкана комплекси жана 3 гектар жер тилкеси 1998-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке жактарга берилип кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында жалпы баасы 70 млн 300 миң сомду түзгөн кыймылсыз мүлктөр мамлекетке кайтарылды.

Белгилей кетсек, социалдык багыттагы кыймылсыз мүлктөр менчиктештирүүгө жатпайт жана белгиленген максаттуу багыты боюнча пайдаланылышы зарыл. Мындай объекттер мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүлгөн учурларда, мыйзам талаптарына ылайык мамлекетке кайтарылат.