Бишкек, 03.07.25 /Кабар/. Кыргызстанда 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө пландуу даярдыктар башталды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Агартуу министрлигинин Мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Ольга Брызглова билдирди.
Анын айтымында, өзгөрүү 2023-жылы кабыл алынган мамлекеттик билим берүү стандартына негизделген. "Билим берүүнүн мазмуну түп тамырынан бери кайра каралууда, анткени санарип технологиялар жашоого тездик менен аралашууда. Балдар билим алуунун баштапкы жылдарында санариптик ресурстарды колдонууну үйрөнүшү үчүн биз мектептин форматын өзгөртүп жатабыз", - деди ал.
2025-2026-окуу жылында мектептик билим берүү структурасы төмөндөгүдөй болмокчу:
- башталгыч — 1-6-класстар;
- орто — 7-8-9-класстар;
- чоң — 10-11-12-класстар.
2025-жылдын март айында 6-7 жаштагы балдарды каттоо жүргүзүлдү. Биринчи класска бала бакчанын тарбиялануучулары дагы, "Наристе" мектепке чейинки программасына барбай калган балдар дагы катталган. Экинчи класска балдар бакчасында тарбияланган жети жаштагылар кабыл алынган.
Жаңы программалар жана окуу куралдары
Кыргыз билим берүү академиясы алты жана жети жаштагы балдардын талабы менен предметтик стандарттарды иштеп чыккан. Сентябрдан баштап мектептер жаңыланган окуу пландары жана программалар менен иштей баштайт.
Агартуу министрлиги жаңы окуу китептерин басып чыгарууну аяктоодо. 2025-жылы мектептерге төмөнкү китептер жеткирилет:
- 1-, 2-, 5- жана 7-класстар үчүн Табият таануу жана математика китептери;
- 3-9-класстар үчүн жаңы англис тили китептери.
"Окуу китептери басып чыгарууга даяр. 14-июлдан тарта методисттерди даярдоо башталат, алар август айында 1, 2, 5 жана 7-класстын мугалимдерин жаңы материалдар менен иштөөгө үйрөтүшөт. 1-сентябрдан тарта республиканын бардык мектептери бул китептерге өтөт", - деп белгиледи Ольга Брызгалова.
Ошондой эле мугалимдерди англис тилине окутуу ЮНИСЕФ менен биргеликте жүргүзүлөт.
Кыргызстан №4 Туруктуу өнүгүү максатына (Сапаттуу билим берүү) жетишүү боюнча ыктыярдуу улуттук анализди экинчи жолу сунуштайт. "Реформалар азыртадан эле өз натыйжасын берип жатат. Акыркы эки жылда жаңы курулган мектептердин саны кыйла өстү. Окуучулардын жетишкендиктерин изилдөө уланууда", - деп кошумчалады адис.
Министрлик көйгөйлөрдүн, анын ичинде окуу китептеринин жана инфраструктуранын жетишсиздиги бар экенин белгилеп, бирок ресурстарды көбөйтүүнү "жакынкы жылдардагы артыкчылык" деп эсептейт.